Кэтрин Гандан айыптар алынып салынды

Улуу Британиянын чалгындоо кызматынын котормочусу Кэтрин Гандан жашыруун сырларды сактоо эрежелерин бузган деген кине алынып салынды. Бүгүн Лондон прокуроратурасы 29 жаштагы Ган айымга доо коюу үчүн далил жетишсиз экендигин билдирди. “Обсервер”гезитинин жазганына караганда, Ирак согушу алдында АКШнын улуттук коопсуздук агенттиги Британиянын өкмөтүнө Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн артынан аңдуу тууралуу жашыруун кат жиберген имиш. Бирок АКШ менен Британиянын өкмөттөрү мындай жоромолду четке кагышты.