Гаитиде өкмөткө каршы козголоң уланууда

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши бүгүн Гаитидеги экономикалык кризисти талкуулап жатат. Гаитиде өкмөткө каршы козголоң уланууда.
Козголоңчулардын лидери Ги Филипптин билдирүүсүнө караганда, анын кошууну Порт-о Пренс шаарын басып алууга даярданып жатат. Эгерде өлкөнүн президенти Жан-Бертран Аристид өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетпесе, анда козголоң улантылат,-деди ал.
Кечээ күнү Бириккен Улуттар Уюмунунун коопсуздук кеңеши Гаитинин оппозициясын сынга алды. Анткени оппозиция кырдаалды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө каршы чыгышкан болчу.