Гаитинин козголоңчулары борбор калаага жакындап калды

Февралдын башында Гаитиде козголоң баштаган оппозициялык күчтөр борбор калаа Порт-о-Пренс шаарына жакындап калды. Алардын жетекчилеринин бири Ги Филиппенин айтымында, ал өзүнүн туулган күнүн жекшемби күнү борбор калаада майрамдайт. 29-февралда ал отуз алтыга чыгат. АКШ өкмөтү Гаитиге үч кеме аскер жөнөттү, бирок Филиппенин айтымында, борбор шаарга сырттан жардам келбейт: - Майамиден Порт-о-Пренске келе турган кеменин баарын биз токтотобуз, алардын баары Кэп-Хайтинге бурдурулат. Ошондуктан келерки аптадан баштап Порт-о-Пренс сырттан курал ала албайт.
Өкмөттүк күчтөр козголоңчуларга эч каршылык көрсөтө албай жатат, президент Жан-Бертран Аристид болсо кызматынан чегинүүдөн баш тартууда.