Индия: Парламенттик шайлоо 4 айлампа менен өтөт

Индиянын көз карандысыз шайлоо комиссиясы жалпы элдик шайлоо 26-апрелде башталарын жарыя кылды.
“Добуш берүү төрт айлампада өткөрүлүп, 10-майда аяктайт. Бюллетендерди эсептөө 13-майда башталат”,- деп билдирди комиссиянын төрагасы Кришнамурти.
Соңку сурамжылоолорго караганда, шайлоодо индус улутчулдардын “Бхаратия Жаната” партиясынын жетектегиндеги башкаруучу коалициянын жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү чоң.
Коалициянын дагы 5 жыл бийликте калуусуна экономиканын ылдам өсүүсү жана Пакистан менен болгон мамиленин жакшырып, эки өлкөнүн элдешүүсүнө ыңгайлуу шарттын пайда боло баштаганы өбөлгө түзөт.
Индияда 670 миллиондон ашуун шайлоочу бар.