Чакан кредит берүү системасы өнүгүүдө

БИШКЕК. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 72 чакан кредит берүүчү уюмдар бар. Өткөн жылы ал уюмдарга 35 миңдей адам кайрылып, кредит алган. Уюмдар 2003-жылы жалпысынан 20 млн. сомго жакын таза киреше алышты. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде Улуттук банктын өкүлдөрү билдиришти. Азырынча ал уюмдардын кредиттеринин жылдык үстөк пайыздары 30дан 35 пайызга чейин болууда. Чакан кредиттердин орточо көлөмү 12-14 миң сомду түзөт. Чакан кредиттөө уюмдары республиканын бардык облустарында бар. Азыр болсо Улуттук банк чакан кредиттик уюмдар менен кредиттердин үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.