Иракта жардыруунун курмандыктары жерге берилүүдө

Taжия менен катар Багдадда жана Кербалада ири демонстрациялар болду. Демонстранттар Америкага каршы ураан чакырышты. Ирактык шиилердин Багдаддагы кеңсесинин жетекчиси Амир ал-Хусеини бул демонстрацияга миллиондогон киши катышып жатат деп билдирди.

Кечээ "Ашура" майрамында эки жерде орун алган жардыруулардан 140 кишинин сөөгү сөпөт болуп, 450 чактысы жараат алган эле. Ашура – шийилердин эң ыйык майрамы деп саналат. Өлкөдө үч күнгө аза күтүү жарыяланды, ал эми Башкаруу кеңеши өткөөл конституцияга кол коюну белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырды. Баш мыйзамга бүгүн кол коюлмак.