АФИНАГА ДАЯРДЫК ЖАКШЫ ЭМЕС

Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү 2004-жылы Афинада өтчү жайкы олимпиадалык оюндарга кызуу даярдык көрүшүп, спортчуларын дүйнө чемпионаттарына, кубокторуна жана гран-при мелдештерине жиберип олимпиадага жолдомо жеңип алышууда. Өзбекстандык спортчулардын 37 жолдомосу бар. Ал эми Казакстандыктардын жүздөн ашуун спортчулары Афина олимпиадасына баруу укугуна ээ. Азырынча Кыргызстандык 12 спортчу гана олимпиадага жолдомо алышты. Дагы жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөрү барбы?
Афина олимпиадасынын башталаарына саналуу гана гана айлар калды. Эгемендүү болгондон бери кыргыз мамлекети 1996-жылы Атланта жайкы олимпиадалык оюндарынан баштап өз алдынча команда катары катышып келатат. Атлантага өлкөнүн 33 спортчусу барса, 2000-жылы Сидней олимпиадасына 51 спортчу кыргыз туусун көтөрүп барып, дзю-до күрөшүндө Айдың Смагулов коло байге уткан.
Ал эми Афинадагы таймаштарга чукул убакыт калса да, азырынча кыргызстандык 12 спортчу гана жолдомо алышты.

Өткөн жылы оор атлетика, ок атуу, фехтования, спорттун беш түрү боюнча дүйнө биринчиликтерине каражат жоктугунан катышпай калып, бир нече жолдомодон куру калышты. Мисалы, мергендер Германияда, Түштүк Корея өлкөлөрүндө өткөн дүйнө кубогуна барышкан эмес.

Канада өлкөсүндө былтыр ноябрда өткөн оор атлетикадан дүйнө чемпионатына балбандар барышса, биринчи орундан 27-орунга чейин ээлеген командаларга жолдомо берилмек. Эгерде Кыргызстандын балбандары командасы 27-орунга илинсе, анда 4 спортчуга Афина олимпиадасына жолу ачылмак эле. Ошентип «каражат жок» деген шылтоо менен балбандардын жолу тосулду.

Эми оор атлетчилердин акыркы мүмкүнчүлүгү быйыл апрелде Алматыда болчу Азия чемпионатында гана калды. Бирок мында биринчи, экинчи орунду ээлегендерге гана олимпиадага жолдомо берилет.
Бокстан кыргызстандык Айбек Абдымомуновдун гана жолдомосу бар. Дагы талапкерлерди иргеп алуучу мелдештер Кытай менен Пакистан мамлекеттеринде өткөрүлөт.

Алдыда спорттун беш түрү - дзю-до, жеңил атлетика, фехтование, кайык жарыштары, таеквондо жана сууда сүзүү боюнча олимпиадалык оюндарга жолдомо берүүчү мелдештер бар.

Афинага даярдыктын жоктугун айтып, азырынча жолдомо алуучу мелдештерге спортчуларды жиберүү керектигин өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев белгиледи:

- Убакыт аз калды. Былтыр өкмөт каражат бербей көп мелдештерге барбай калдык. Спорттун беш түрү жана фехтования боюнча биздин команда Азиянын көп жолку чемпиону болсо да, былтыр бир дагы мелдештерге барган жок. Азыркы милдет - жолдомо берчү бардык Азия чемпионаттарына, эларалык мелдештерге жиберүү керек. Даярдыкты айтпай эле коелу, мелдештерге барып келген былтыркы каражатын спорт комитетинен ала албай убара болуп жүрүшөт. Биздин мыкты спортчулар башка өлкөлөргө кетип жатса унчукпайбыз. Ал эми коңшу мамлекеттерден жөндөмдүү спортчуларды биздин өлкөнүн намысын коргоого макулдашып келсек, «анын кереги жок» деп кыйкырып чыгабыз. Аларды даярдоо үчүн биздин өкмөттөн бир тыйын да каражат чыгымдалган жок. Орусиялык суучулдар жана жеңил атлетчилердин айрымдары Сиднейде биздин намысты коргоп беришкен.

Мисалы үчүн Америка Кошмо Штаттары 1 жолдомо жеңип алуу үчүн даярдыкты мыкты уюштурууга 1 спортсменге жылына 1 млн. доллар өлчөмүндө каражат чыгымдайт. Ал эми Австралия өлкөсү 1 спортчуга 1,5 млн. австралия долларын, Канада - 500 миң доллар, Египет - 250 миң доллар каражат чыгымдаганын адистер айтып, жазып чыгышты. Россиялыктар деле байге алууга мүмкүнчүлүгү бар спортсмендерине ар бирине 100 миң долларга шарт түзүп, камкордукка алган. Коңшулаш Казакстан өлкөсү деле байге алууга талапкер спортсмен үчүн 50 миң америка долларын чыгымдап жүрөт.
Ал эми кыргызстандык спортчуга Афина олимпиадасына даярдык көрүү үчүн болгону 2-3 миң доллар каражат бөлүнгөн.

Быйыл олимпиадага даярдыктар башталганын айтып, Афинада айрым спортчулар байгеге жетүүсүнө ишенген Бишкек шаардык спорткомитетинин төрагасы Турат Калыбаевдин пикири төмөнкүдөй:

- Спортчуларга бардык шарт түзүлүп жатат. Машыгууларына да каражат бөлүндү. Эларалык мелдештерге барып, чебердигин жогорулатууга, атаандаштарын байкап көрүүгө мүмкүндүк болмокчу. Афина олимпиадасында грек-рим, эркин күрөштөн, велоспорттон жана оор атлетикадан кыргызстандыктар ийгиликтерге жетүүсү ыктымал.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Турат Калыбаев айтымында, Афина олимпиадасына 30 ашуун спортчу катышууга жолдомо алышы ыктымал. Кыргыз өкмөтү болсо Афина олимпиадасына катышуу үчүн спортчуларга 44-45 жолдомо алуу талабын коюп келет.