Жорж Буштун жарнамасы сынга алынууда

Жорж Буштун президенттик шайлоо алдындагы тележарнамасына америкалыктар, айрыкча 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактан кийин жакындарынан ажырагандар сынга алууда.
Алардын пикирлерине караганда, шайлоо алдындагы тележарнамада Буш кайгылуу окуяны чагылдыруу аркылуу ансыз да жакындарынан ажырап кан жутуп олтургандардын намысына ойногондой таасир калтырат.