Ош шаарында «Боорукердик» аттуу карылар жана балдар үйү ачылды

ОШ. Мэрия алар үчүн мурда балдардын санаториясы болгон 5 гектар аянты, жемиш багы бар эки имаратты берди. Шаардагы ТЭЦ, газ чарба башкармасы сыяктуу 32 ишкана, уюмдун жардамы менен үйү үйдөй, чарбагы чарбактай жаркырата оңдолуп-түзөлгөн "Боорукердик" аттуу бул карылар жана балдар үчүн үйүн бакубат кармоо үчүн ачылыш аземге коштой атайын марафон өткөрүлдү. Марафонго Ош шаардык мэриясы Жалалабад, Баткенден бери жардамчыларды чакырган жана жалпысы товар түрүндө, накталай акча которуу жолу менен берилген акча болуп 950 миңден ашык сомдук каражат топтолду. Азыр "Боорукердик" карылар жана балдар үйүндө кароосуз калган 20 кары, 20 бала бар. Мектеп жашындагы балдарды кошуна турган Калинин атындагы орто мектепте окутуу жагы колго алынууда.