Мазари Шарифте нааразылык акциясы өттү

МАЗАРИ-ШАРИФ. Бүгүн Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында президент Хамид Карзайдын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциясы өттү. 2 миң чамалаш киши катышкан бул акцияда мурдагы пландоо министри Хажи Мохаммад Мохакиктин кызматын кайра калыбына келтирүү чакырыктары айтылды. Мохакик министрликтен өткөн жекшембиде кеткен. Экс-министрдин өзүнүн айтымында, ал кызматтан быйыл өтөөрү күтүлүп жаткан шайлоодо Карзайга атаандаш катары талапкердигин койорун жарыялагандан кийин бошотулган.