Казак президентине өзгөчө кырдаалдар министри каяша айтты

АСТАНА. Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Заманбек Нуркадилов президенттин наамына ачык кат жолдоду. Катта Нуркадилов Назарбаевди коррупциячыл деп атап, ал кызматынан чегинбесе Румыниянын коммунисттик лидери Николай Чаушескунун же Түштүк Кореянын президенти Ро Де Унун тагдырына тушугат деп айткан. Президент Назарбаевдин жардамчысы Нуркадиловдун кечээ өткөн пресс-конференциядагы дооматтарын жокко чыгарды жана мындай жагдайды демократиянын көрүнүшү катары баалады.