Испания аза күтүп жатат

МАДРИД. Кечээки жардырууда каза тапкан 198 атуулду жоктоо жана террорчулукка нааразылык билдирүү үчүн бүгүн миллиондогон испандыктар иштерин таштап, көчөгө чыгышты. Испаниянын премьер-министри Хозе Марио Азнардын айтымында, жарылууда өлгөн 200гө жакын адамдын арасында 11 өлкөнүн атуулдары болушкан. Премьер-министр өкмөт Мадриддеги террордук жардырууга байланышкан бардык божомолдорду тыкыр иликтээрин билдирди:

- Божомолдордун бири да көз жаздымда калбагандыгын ички иштер министрлиги жана министр өзү мага билдирип турушун каалар элем.

Испан өкмөтү баскылардын аракеттерин негизги божомолдордун бири катары иликтөөгө алды.