«Коммунисттер» партиясынын Нарын шаардык комитети Аксы элине кайрылуу жолдошту

НАРЫН. Партиянын кезексиз пленумунда кабыл алынган кайрылууда "Биз - Нарындын коммунисттери Үзөңгүкууштун Кытайга берилишине жана демократия үчүн набыт болгон аксылык жигиттерди эскерүүнү уюштуруп жаткан аксылык боордошторубузду колдойбуз. Биз - Нарындын коммунисттери 17-март күнү шейит кеткен мекендештерибизди эскерип куран окутабыз жана курман болгондордун жакындарына кайгыларын тең бөлүшүп, көңүл айтабыз» деп белгиленди. Нарындык коммунисттер андан тышкары күнөөлүүлөр өз жазасын тезирээк алышаарына ишенишээрин билдиришти.