Евросоюздун комиссары Крис Паттен бүгүн Казакстанда болду

Алматыда президент Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, эки тарапты кызыктырган бир катар маселелерди талкуулады. Евросоюздун (Европа Биримдигинин) кеңейиши, Паттендин айтымында, Казакстан үчүн пайдалуу болот. Евросоюз Казакстанга чоң иштерди сунуш кыла алат, деп белгиледи Паттен. Мурдагы эки жылдагыдай эле Еврошаркет Казакстандын эң ири инвестору бойдон калды, өлкөнүн экспорту үчүн чоң рынок ачылды, азыркы тушта эле өз ара соода-сатыкта казак тарабы эки миллиард евро өлчөмүндө активге ээ болду. Евросоюздун тышкы байланыштар боюнча комиссары Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда болмокчу.