Президент Аскар Акаевдин Польшадагы иш сапары уланууда

Кечээ ал Варшавада поляк президенти Александр Квасьневски, парламент төрагасы Марек Боровски менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн маданий, билим, илим тармагындагы жана айыл-чарба министрликтери ортосундагы кызматташтыгын караган документтерге кол коюлду. Эл аралык маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, эки президенттин жолугушусунда террорчулукка каршы күрөштөгү кызматташтыкты чыңдоо тууралуу да сөз болду. Президент Аскар Акаев сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында Кыргызстан АКШ баштаган антитеррордук коалицияга алгачкылардан болуп кошулганын, жакында Испанияда орун алган жардыруулар эл аралык террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын көргөзүп жатканын белгиледи.