Ош облусунун Карасуу районунун айрым жерлеринде жер көчкү болду

ОШ. Дээрлик бир аптадан бери тынбай жаап жаткан жаандын кесепетинен Карасуу районундагы Жаңы арык - Кызылсуу жолунун 24 чакырымында 17-март күнү түнкү саат 11,30 жол көчүп түшкөн. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Мындан башка Кызылсуу айыл өкмөтүнө караштуу Талдыбулак айылында жана Карадөбө участокторунда 13 үй-бүлө жер көчкүнүн алдында калуу коркунучунда турушат. Облус губернатору Накен Касиев 18-март күнү окуя болгон жерге барып, курорттуу аймактардан элди эртерээк көчүрүп кетүүгө тийешелүү кызматкерлерге көрсөтмө берди.