К. Пауэлл: “АКШ Жакынкы Чыгышка демократияны таңуулабайт”

КУВЕЙТ. Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл "Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерге демократиялык реформаларды таңуулабайт" деп билдирди. Анын айтымында, демократия - ар бир мамлекеттин өнүгүүсүнүн табийгый жыйынтыгы болушу керек.
Буга чейин Колин Пауэлл Иракта жана Сауд Аравиясында болгон.

Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Кубат ОТОРБАЕВ, Прага