Кыргызстанда атуулдук сектордун иши активдештирилет

БИШКЕК. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар өлкөдө административдик реформаны ишке ашырууга, акыйкат башкарууну калыптандырууга жигердүү катышат. Жер-жерлердеги бейөкмөт уюмдар мамлекеттик органдардын коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясы баштаган өкмөттүк эмес уюмдар келээрки парламенттик жана президенттик шайлоолордун ачык-айкын өтүшү үчүн аракеттерди көрүп, шайлоолор боюнча көз карандысыз мониторингдерди өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарынын экинчи улуттук конференциясынын жыйынтыктоо бөлүмүндө айтылды. 24-мартта Бишкекте башталган бул жыйындын ишине Кыргызстандагы 120га жакын бейөкмөт уюмдардын, ошондой эле Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Конференция АКШнын Улуттук демократиялык институту тарабынан уюштурулду.