Тажикстанда дээрлик 100 килограмм героин колго түшүрүлдү

Ооган-тажик чегарасын кайтарган орус аскерлери кечээ 78 килограмм маңзатты бир аткезчиден конфискациялашты, ал эми тажик полициясы баш калаа Дүйшөмбүдө апта соңунда бир нече баңги соодагерин камакка алганда, алардын жанынан 20 килограмм героин чыкты.