ЕККУнун экономикалык форуму карачу маселелер такталды

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун он экинчи экономикалык форумуна даярдык көрүүгө багытталган үчүнчү семинар ишин аяктады. Ал «Рынок экономикасын өнүктүрүүдө зарыл болчу кесиптик тажрыйбалар» деген тема алдында өтүп, ЕККУга мүчө мамлекеттерде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн билимдин жана билим берүүнүн ролу тууралуу сөз жүрдү. ЕККУга мүчө мамлекеттерден чогулган 180ден ашуун адис ишкерлик тармактагы кесиптик даярдык, туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү, ага коомчулуктун жардамы, коопсуздукту камсыз кылууда экология, экономика жана социалдык көйгөйлөрдүн өз ара байланышы тууралуу ойлорун ортого салышып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ар тараптуу билим берүүнү күчөтүү зарыл деген сунуштарын айтышты. ЕККУга азыр төрагалык кылып жаткан Болгариянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Иван Найденов семинарда айтылган сунуштар ЕККУнун Венадагы жыйынында талкууланып, 31-майда Прагада боло турган экономикалык форумдун кароосуна коюларын кабарлады.