Шайлоонун жыйынтыктары Саакашвилинин кызыкчылыгында болууда

ТБИЛИСИ. Грузиянын шайлоо комиссиясынын аймактарда добуш саноо боюнча тараткан акыркы маалыматына караганда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо президент Михаил Саакашвили баштаган “Улуттук кыймыл” жана анын өнөктөштөрү алган добуштардын саны болжол менен 80 пайызга чамалады. Бийликтеги бул саясий топтон тышкары 7 пайыздык парламенттик чектен өнөр жайчылар биримдиги өтүшү күтүлүүдө. Ал эми Ажария лидери Аслан Абашидзе баштаган "Демократиялык кайра жаралуу" биримдигинин мүмкүнчүлүгү добуштардын кийинки санагында азайды. Азыр Абашидзе тарап топтогон добуш 7 пайызга бир аз жетпей турат.