Брюсселде “Кыргызгаздын” өкүлдөрү долбоор сунуштоодо

БИШКЕК. “Кыргызгаз” акционердик коомунун жана “Кыргызмунайгаздын” өкүлдөрү Брюсселде “КМШ мамлекеттеринде мунайгаз тармагын инвестициялоо мүмкүнчүлүгүнө” байланыштуу "тегерек үстөл" жыйынына катышууда. Кыргызстан тарап Майлысуудагы жер алдында газ сактоочу жайды жана ага байланыштуу газ куурларын калыбына келтирүү үчүн 5 млн. еврого жакын, “Кыргызгаздын” газ бөлүштүрүүчү жана эсептөөчү бекетин жаңы тетиктер менен жабдуу үчүн 1 млн. ашык евро өлчөмүндөгү, Бухара-Ташкен-Бишкек-Алматы газ куурун куруу үчүн 2 млн. евро өлчөмүндөгү долбоорду сунуш кылышты. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызгаздын” маалымат кызматынан билдиришти. Бул "тегерек үстөлгө" Борборазиядан Кыргызстан гана катышууда.