Кыргыз-өзбек чегарасындагы абал боюнча карама-каршы пикирлер жаралууда

БИШКЕК. Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Сох району менен чектеш Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен районундагы «Бозадыр» чегара бекети 5 чакырымга эмес, 2,5 чакырымга Кыргызстандын аймагына карай жылдырылган. Чектеш райондогу 7 гектар жер талаш-тартыштуу жер болгондуктан, бул маселе боюнча 2003-жылы кыргыз-өзбек комиссиясы түзүлүп, ушундай чечим кабыл алынган. Бирок тараптар кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын бүтүмүнө чейин бул маселени көтөрбөй турууну макулдашышкан. Ошондой эле “бул чегара бекетинде жашоого шарт жок”,-деп билдирди өлкөнүн чегара кызматынын төрагасы Калмурат Садиев бүгүн маалымат жыйынында. Ал эми буга чейин «Общественный рейтинг» гезитинин 18-мартындагы санында кыргыз чегарачылары «Бозадыр» чегара бекетин өзбектерге таштап, чегарачылар Кыргызстандын аймагына карай 5 чакырымга жылдырылгандыгы жөнүндө макала жарыяланган.

Калмурат Садиевдин айтымында, учурда бул жерде Кыргызстандын үч чегара кызматкери иштөөдө. Ал эми парламенттин Баткен облусунан шайланган депутаты Самат Бөрүбаев К.Садиевдин мындай билдирүүсүнө макул эмес.