Кыргызстандын аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсүнө караганда, апрелдин 4үнөн 7сине чейин Баткен, Ош, Жалалабад облустарынын дарыяларында суунун агымы көбөйүп, ташкындоосу күчөп, тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлүүдө.
Эртең (4-апрелде) Кыргызстанда жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +18…+23 градус жылуу.
Талас дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21 градус жылуу болушу күтүлөт.
Баткен, Ош, Жалалабад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23 градуска жылыйт.
Ысыккөл жана Нарын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15 градус жылуу.
Ал эми Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +20…+22 градус жылуу.
Бүгүнкү жергиликтүү кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана дубандардагы кабарчыларыбыз даярдашты.