Рим папасы Иса пайгамбардын өлүм алдында Иерусалимге келишине арнап таат окуду

Ватикандагы жөрөлгөгө 10 миңдеген киши катышты. Бүгүн католик христиандары Иса пайгамбардын дарга асылаардан бир апта мурда Иерусалимге келген күнүн белгилешүүдө. Диний жөрөлгөлөр бир жумага созулат жана келээрки жекшемби, дүйшөмбү күндөрү христиандар Иса пайгамбар дарга асылгандан кийин кайра тирилип, бейишке чыккан күндү майрамдашат.


Эл аралык кабарлардын кечки чыгарылышын даярдаган – Жаңыл Жусубжан, Прага шаары.