Мурдакы эки министр Гаага сотуна өз ыктыяры менен келди

Босниялык хорваттардын мурдакы ырасмий адамдарынын алтоосу Улуттар уюмунун согуш кылмышкерлери боюнча трибуналынын колуна өз ыктыяры менен түшүп берди. Алтоо тең 1992-95-жылдардагы Босниядагы согуш кезинде мусулмандарга каршы кылмыш жасады деп күнөөлөнгөн адамдардан.
Алардын ичинде Босния-Герцеговинанын мурдакы тышкы иштер министри Ядранко Прлич жана коргонуу министри Бруно Стойич да бар. Гаагадагы эларалык соттун өкүлү бул алтоо бүгүн эртең менен Загребден Нидерландияга учуп келишкенин билдирди.