11-марттагы жардыруулардын уюштуруучулары толук жок кылындыбы?

Ишембинин түнүндө Мадриддин четиндеги үйдө өздөрүн жардырып жиберген беш адамдын ичинде испан бийликтери 11-марттагы жардырууларды уюштуруучусу деп аныктаган тунисттик жаран да болгону маалымдалды.

Террорчу деп курчоого алынган адамдар жардырган бомбадан коопсуздук кызматынын 10дон ашуун кызматкери жарадар болушкан.

Испаниянын ички иштер министри Анхел Асебес:

- Бардык камакка алуулардан кийин жана кечээки жардыруудан кийин 11-марттагы террорчулукту уюштурган топтун негизги мүчөлөрү кармалды же чогуу жанкечтилик жасап тындым болушту.

Асебестин сөзүнчө, кыйраган үйдүн урандыларынын астынан 10 кило жардырыгыч зат жана 200 детонатор табылган.