ЕККУнун төрагасы Бишкекте

БИШКЕК. Бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси президент Аскар Акаев менен жолугушту. Анда ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык жана уюмдун өлкөдө ишке ашырып жаткан долбоорлору талкууланды. Аскар Акаев менен Соломон Пасси журналисттерге бул тууралуу жолугушуунун соңунда кабарлашты.

Акаевдин маалыматына караганда, ЕККУ менен Кыргызстан үч багытта: адам укуктарын сактоо, маңзаттарынын жүгүртүлүшүнө жана эларалык террорчулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташат. Соломон Пассинин айтымында, Кыргызстан бул багыттагы милдеттерин жакшы аткарып, демократиялык өнүгүүлөргө умтулууда. Ал эми тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун айтымында, президент менен Пассинин жолугушуусунда келээрки парламенттик жана президенттик шайлоо жана ага даярдыктар тууралуу да сөз козголду.

ЕККУнун төрагасы түштөн кийин Жогорку Кеңештин эки палатасынын спикерлери жана депутаттары менен да жолугушту.