Индиядагы сыгылыштан кеминде 21 аял каза тапты

Кырсык өлкөнүн түндүгүндөгү Лакнау шаарында болду. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, жүздөгөн адамдар жергиликтүү таанымал оппозициячыл саясатчынын туулган күнүн белгилөөгө чогулган эле. Сыгылыш индус аялдарынын салттуу кийим – сари бекер таратылаары жөнүндө жарыя жасалган соң башталган.