Шеварднадзе Бириккен Улуттардын баш катчысынын кеңешчиси болушу мүмкүн

Грузиянын маалымат каражаттарынын айтымында, кечээ күнү Тбилисиге Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын жардамчысы Кул Чандра Гаутам келип, мурдагы президент Эдуард Шеварднадзеге - Кофи Аннандын кеңешчиси болууну сунуштады жана Шеварднадзе ага макул болду. Грузиянын Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Звиад Дзидзигуринин айтымында, Шеварднадзе ООНдо иштей баштаса, бул уюмдун эл арасындагы бедели түшөт.