Мадриддеги террор аракеттери менен байланыштуу Испанияда дагы үч адам кармалды

Испаниянын полициясы бүгүн жасаган жарыяга караганда, 11-марттагы террордук аракет менен байланыштуу дагы үч шектүү адам кармалды, алардын бири Сауд Арабиянын, бири Мисирдин жана үчүнчүсү Марокконун жарандары. Бардыгы болуп 11-марттан бери 21 адам кармалды, алардын он беши марокколуктар. Жума күнү болсо Босниядан Испанияга Санел Сиекирча аттуу адам учуп келип, 11-марттагы окуялар боюнча полицияга көрсөтмө бере турганын билдирди. Мадридде уюштурулган бир нече жардыруудан 11-мартта 191 адам набыт кеткен.