Түркия Армения менен чегарасын жабык калтырат

Түркиянын өкмөт башчысы Абдулла Гүл Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолуккандан кийин, ушундай билдирүү жасады. Түркия Армения менен чегарасын 1993-жылы, Карабах согушунда Азербайжанга колдоо көрсөтүү аракетинде жапкан эле. Абдулла Гүл ошондой эле Карабах боюнча үч өлкөнүн ортосунда сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуш этти.