Сараеводо Балкан өлкөлөрүнүн саммити аяктады

Түштүк-чыгыш Европадагы кызматташтык процесси уюмуна кирген тогуз өлкөнүн лидерлери атайын билдирүү кабыл алып, региондо НАТОнун аскер күчтөрү турганын чечүүчү фактор деп аташты. Аталган уюмга Хорватия, Сербия-Черногория мамлекети, Албания, Болгария, Босния, Македония, Румыния, Греция жана Түркия кирет.