Казак президенти басма сөз мыйзамын колдогон жок

АСТАНА. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Массалык маалымат каражаттары” жөнүндөгү жаңы мыйзам ишке кирбей турганын жаыялады. Бул мыйзамды парламен 18-мартта кабыл алып, президенттин кароосуна берген. Назарбаев өз кезегинде мыйзамдын Баш мыйзамга дал келер-келбесин териштирип берүү суранычы менен Конституциялык кеңешке кайрылган. Назарбаевдин айтымында, Конституциялык кеңеш бул мыйзамда карама-каршылыктар көп деген тыянак чыгарып берген. Чечим чыкканга чейин Дарига Назарбаеванын “Асар” партиясы баштаган бир катар саясий уюмдар мыйзамдагы айрым жоболор өкмөттүк маалымат каражаттарынын укуктарын чектей тургандыгын белгилеген билдирүү таратышкан.