Кыргыз-япон өнөр жай паркы курулат

БИШКЕК. Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын ортосунда иштөөчү өнөр жай паркы курулат. Бул тууралуу бүгүн тышкы инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлү Садриддин Жиенбеков билдирди. Анын маалыматына караганда, азыр уюштуруу иштерин жүргүзүүчү жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруу, тактап айтканда, паркка салыктан жеңилдик берүү жолдорун иликтөөгө киришти. Ал эми Япониянын «Жаика» агенттиги паркты куруунун концепциясын даярдады. Эгер долбоор ишке ашса информациялык технологиялар, жеңил өнөр жайы багытында ишканалар иштетилет. Ал эми Япония Кыргызстандан бал, жаңгак жана төө буурчак сатып алууга кызыкдар экендигин билдирип, ушул жыл үчүн 3,5 миң тонна төө буурчак алууга келишим түздү.