Бүгүн Ооганстан коммунисттик бийликтин аякташынын 12 жылдыгын белгилөөдө

Кабулда өткөн салтанатка жана аскерий парадка президент Хамид Карзай, кабинет мүчөлөрү жана БУУнун расмий өкүлдөрү катышты.
Бул күнү 1992-жылы Москва колдогон коммунисттик режим кулатылып, анын натыйжасында өлкөдө 4 жылга созулган жарандык согуш башталган.

Ооганстандын мурдагы падышасы Мухамад Захир Шах Советтик оккупацияга каршы биргелешип күрөшкөн оогандар бүгүн өлкөнү калыбына келтирүүгө биргелешип кол кабыш кылууга тийиш деп белгиледи.