Варшавада антиглобалисттердин демонстрациясы өтүп жатат

Бүгүнкү демонстрацияга эки миңдей активисттер катышып, капитализмди, жумушсуздукту жана Ирактагы согушту айыпташты. Польшанын борборуна антиглобалисттер бул жерде өтүп жаткан бүткүлдүйнөлүк экономикалык форумга байланыштуу чогулушту.