ЖАЛАЛАБАДДЫКТАР ДЕМОКРАТИЯЛЫК КОДЕКСТИ КАНДАЙ ПАЙДАЛАНЫП ЖАТЫШАТ?

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Кыргыздардын дүйнөлүк 2-курултайында кабыл алынган демократиялык кодекс менен коомчулук толук тааныш эмес. Бийлик өкүлдөрүнүн пикири боюнча, демократиялык кодексти жаштар жана кызматкерлер окуп-үйрөнүүдө. Бейөкмөт уюмдар демкодексте демократиянын белгиси жок экендигин, жаштар аны менен тааныш эместигин айтышууда.
Демократиялык коопсуздук кеңешинин облустагы мүчөсү Зулумбек Жамашевдин ою боюнча, кыргыздардын 2-курултайы жактырган демократиялык кодекс келечекке кызмат кылат. Өлкөдө демократиялык белгилер жок эмес. Кодекстин маани-маңызын студенттер, интеллигенция өкүлдөрү окуп-үйрөнүүдө:

– Анда «келечекте, элдин алдыңкы катмары мамлекетибизде ушундай бир жогорку интеллектуалдуу коомду түзсөк» деген ой жатат. Демкодексти мамлекеттик кызматкерлер, интеллигенция, жаштар жакшы колдоодо. Эл көрүп турбайбы, баарын! - дейт ал жөнүндө облбийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечелов.

Мындай пикирге "Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов макул эмес:

- Демократиялык кодексте атуулдардын үстүнө коомду, коомдун үстүнө мамлекетти коюшкан. Бул пирамида туура эмес. Демократиялуу өлкөдө атуул үчүн коом, коом үчүн мамлекет иштейт. Коом менен мамлекеттин кызыкчылыгы атуулдугунан өйдө болбошу керек. Мындай принципте кабыл алынган демкодекс жалпы эларалык демократиялык принциптерге каршы келет, - деди Эдил Байсалов.

Демократиялык кодекс мектептер эмес, окуу жайларында окутулбаганын студент жаштар менен мугалимдерден уктук. Ага бейөкмөт мүчөлөрү деле кызыгышпады.

- Демократиялык кодекстин бардыгын окуганым жок. Аны менен таанышууга үлгүрө элекмин. Ал коомчулукта жакшы иштебей атат - деди, бейөкмөттүк уюмдун өкүлү Мураталы Үчкемпиров.