Amnesty International Белорусия бийлигин сынга алды

МИНСК. Amnesty International эл аралык уюму Белорусия бийлиги көз карандысыз кесиптик кошуундарга ыдык көрсөтүп, алардын мүчөлөрүн түрмөгө камап жаткандыгын маалымдады.
Уюм ошондой эле Белорусия өкмөтүн Эмгек боюнча эл аралык уюмга берген милдеттенмесин аткарууга чакырды. Жакында президент Александр Лукашенко кесиптик кошундардын ишине тышкы күчтөр киришип жатат деп сынга алган жана өлкөдөгү көз карандысыз кесиптик кошуунду Батыш менен байланышкандыгы үчүн сынга алган.