ВИЧ-инфекциясынын таралышына каршы өнөктүк башталды

БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясынын таралышына каршы күрөшүү боюнча бир айлык өнөктүк башталды. Май айынын аягына чейин облус, райондордо СПИД оорусун алдын алуу маселелери боюнча «тегерек үстөл» жыйындары өтөт. Кыргызстанда бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциясына кабылган 534 адам катталган. Алардын 457си Кыргызстандын атуулдары. ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын негизги бөлүгү Ош облусунун тургундары. Облуста учурда 273 адам ВИЧ-инфекциясына чалдыккан. Бишкек шаарында ВИЧ-инфекциясы менен 74 адам катталган. Бейрасмий маалыматтар боюнча, өлкөдө-ВИЧ-инфекциясына кабылгандардын саны 5 миңге жетет.