АКШ президенти Ирак абагындагы окуя үчүн кечирим сурады

АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, кечээ күнү Вашингтон шаарында Йорданиянын падышасы Абдалла менен жолукканда, Багдад шаарынын түрмөсүндөгү окуя үчүн ал кечирим сурады: "Абакта кармалгандар жана алардын үй-бүлөлөрү мазакталганы үчүн мен андан кечирим сурадым".
Андан тышкары, президенттин айтымында, күнөөлүүлөр соттолот, бирок коргоо министри Доналд Рамсфелд кызматынан чегинбейт.