Тажикстандын окуучулары Баткенде

БАТКЕН. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин колдоосунда Фергана өрөөнүнүн чектеш аймактарында иш жүргүзгөн жамааттардын "Тынчтык демилгелер" долбоору алып барган бул иш-чарага Тажикстандын Исфара районунун Баткен району менен чектеш 5 айылындагы мектеп окуучулары катышты. Анда "Булак берметтери" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн бет ачары өтүп, аны адабий көркөм кече коштоду. Сүрөт көргөзмөдө эки элдин жеткинчектери коңшуналаш элдердин маданияты, табияты жөнүндө тартылган сүрөттөрүн көргөзүшүп, алар өз сүрөттөрүндө достукту чагылдырганын айтышты жана эки элдин ортосунда эч качан чыр-чатак болбой, ынтымак ыроолошун тилешти.

Коңшуналаш эки элдин достугун чыңдоо максатын көздөгөн мындай иш-чара буга чейин Тажикстандын Исфара шаарында өтүп, ага аталган өлкөгө чектеш Баткендин үч айылынын мектеп окуучулары катышкан. Ал эми көргөзмөдөгү кыргыздар жөнүндө тартылган сүрөттөр Исфара шаарынын музейине, тажиктер жөнүндө тартылган сүрөттөр "Мээрим" кайрымдуулук фондунун Баткендеги бөлүмүнө белекке берилди.