Италияда терракт жасоого аракеттенген деген шек менен беш адам кармалды

Италия бийликтеринин маалыматына караганда, антиттеррордук операциялар өлкөнүн түндүгүндөгү Тоскана жана Лигурия провинцияларында өткөрүлдү. Флоренция шаарынан кармалган беш адам – Алжирдин жана Тунистин жарандары. Кармалган адамдар "ал-Каиада" уюму менен да байланышта турган болушу мүмкүн деп болжолдонууда.