УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 59 ЖЫЛ ТОЛДУ

Султан Раев, Бишкек Быйыл дүйнөлүк коомчулук Улуу жеңиштин 59-жылдыгын белгиледи. Фашизм менен күрөшүүдө кыргызстандан 363 миң адам Улуу ата мекендик согушка аттанган. Алардын көпчүлүгү майдандан кайтпай калды. убакыт өткөн сайын Улуу ата мекендик согуштун катышуучуларынын саны арабыздан суюлуп баратат.
Бишкектин мектеп окуучуларынан шаардын чок ортосундагы эстелик кимдерге тургузулган деп сурамжыладык:

- Улуу Ата Мекендик согушту уккансыңбы?

- Жок.

- Кимдер менен согушкан.

- Француздар менен окшойт - деди мектеп окуучусу Наргиза.

- Бул кандай эстелик экенин билбейм, Баткен согушуна катышкандарга тургузулса керек, - деп айтты Асел.

Мезгил өткөн сайын эсибизден чыгып бараткан Улуу ата мекендик согуштун учкундары бизден алыстап барат. Кийинки жаштар бул алаамат тууралуу кинолордон көрүп, китептен окуп гана билбесе, айрымдары таптакыр эле андан кабары жок. Союз мезгилинде кандайдыр шаң менен, көтөрүңкү дух менен белгиленип келген майрамдын акыркы кездерде шаңы акырындап өчүп барткандай сезилет.

Улуу согуш тууралуу эс тутум менен кошо арабыздан улуу майданда кан кечип, фашизмди талкалоого, ушул Улуу Жеңиш күнүнө жетүүгө эчендеген эр азаматтар жанын сайып коюп, мекенибизди фашисттик баскынчылыктан сактап калды. Көкүрөктөрү орден-медалдарга жык толгон согуш ардагерлеринин катары да күн өткөн сайын суюлуп барат. Улуу ата мекендик согушта каармандык көрсөткөндүгү үчүн 10 миңге жакын кыргызстандыктар орден-медалдар менен сыйланган, анын ичинен 76 адам эң бийик "Советтер Союзунун Баатыры" деген наамга арзыган. 21 адам “Даңк” орденинин толук кавалери деген атка конгон.

Азыркы күндө катары азайып бараткан согуш ардагерлерине мамлекет тарабынан көңүл бурууда кемчиликтер жок эмес. Айрым учурларда согуш ардагерлерине мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилбей келет. Союз мезгилинде Улуу ата мекендик согушка катышкан ардагерлер үчүн курулган Бишкек шаарындагы оорукана акыркы кезде кадимки эле өзгөдөн айрымаланбаган ооруканага айланды. Согуш ардагерлери да бардык адамдар менен тең катарда дарыланып келет.

Бишкектеги согуш каармандарына тургузулган эстеликтер шаар бийлиги тарабынан каралбай, айрымдарынын эстелик жазуулары өчүрүлүп, эстеликтери сындырылган да фактылар кездешет. Кезегинде ата мекендик согушка кыргыз жоокерлерин үндөп, патриотизмди туу туткан улуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелигин былтыр эсирген жаштар бузуп, талкалап кеткен. Улуу акындын эстелиги күнү бүгүнгө дейре ордуна коюла элек.

Басма сөздөрдөгү айрым маалыматтарга караганда жашоонун кыйынчылыгынан улам согуш ардагерлери өздөрүнүн кан кечип, каармандык көрсөтүп алган орден-медалдарын болбогон акчаларга саткан фактылар да кездешет.

Былтыр Жеңиш күнүндө акылы жок бирөөлөр согуш ардагеринин төшүнөн орден-медалдарын жула качкандыгын гезиттер жазган эле. Мезгил өткөн сайын элибиздин каарман муундарынын эрдиги эл эсине чыгып бараткандыгы кейиштүү көрүнүш. Ал ардагерлерге, көзүү тирүү ардагерлерге жасалган мамиледен улам байкалып келет. Бул тууралуу Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев мындай оюн билдирди:

- Жеңиштин 60 жылдыгы белгиленгени жатат бир жылдан кийин. Ошондо ата мекендик согушка катышып, немистер менен салгылашып жүргөн, бир кезектеги дуулдаган жаш жигиттер аман келгендери азыр такыр калбай баратат, азайып баратат. Азыр Советтер Союзу жок. Ошонун баардыгы бекер мээнеттей болуп көрүнгөнсүп атат. Бирок эл, журт үчүн салгылаштык. Эң негизгиси - элибиз аман болсо, жерибиз эсен турса. Бул дүйнөнүн ырахаты эле тынчтык, бейкуттук экен. Биз согушта жүрүп көрбөдүкбү!

Мезгил өткөн сайын жадыбыздан өчүп бараткан Улуу ата мекендик согуштун каармандарынын жасаган эрдиктерин тарых эч качан унуталбайт. Эч ким, эч нерсе унутулбайт!