ООГАНСТАН БОЮНЧА ЖЫЙЫН БИШКЕК ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАГЫНДА УЛАНДЫ

Ооганстан менен кызматташууга кызыкдар Борбор Азия республикаларынын, Иран жана Пакистандын ишкерлери шейшембиде Бишкек эркин экономикалык аймагында болуп, экономикалык кызматташуунун жолдорун талкуулашты. 200 гектир жерди ээлеген эркин экономикалык аймакта чай, самындан тарта учакка чейин чыгарылат.
Ооганстан үчүн абыдан керектүү курулуш, азык-түлүк, химиялык буюмдардын кыйласы Бишкек эркин экономикалык аймагында чыгарылат. Экономикалык аймак иштей баштагандан берки 8 жыл ичинде 30 миллион доллар салык төлөнгөн. Экономикалык эркин аймактын жетекчиси Эмил Ибраимов эгер айрым саясий күчтөр бут тосуп, иштөөгө тоскоол болбосо Кыргызстан 130 миллион доллар салыктан эле киреше тапмак эле дейт.

- Эмил мырза, тоскоолдуктар болбосо канча миллион болмок?

- 130 миллион доллар болмок.

- Кандай тоскоолдор болууда?

- Законду, мыйзамдарды өзгөртүшүүдө. Болбогон жалаа жаап атышты. Анын баарын четтен келгендер угуп алышып бизден качып атышты. Бизге келип иштейм дегендер коркуп кайтып кетип атышты. “Салык төлөбөйт, аткезчилик кылышат” деп айтып атышты. Иш боюнча ушундай жалааларды жабышты,- дейт Эмил Ибраимов.

Бишкек эркин экономикалык аймагында эки орундуу “Ак кептер” учагы жыйналат. Кыргыз-орусиялык биргелешкен ишканананын жетекчиси Карабай Турдуматовдун маалымдашынча, буга чейин жасалган 4 учак сатылбай турат. Колду байлаган жумуш - учактын нормативдүү-техникалык документтеринин каттоодон өтпөгөндүгү болууда.

- Бул программа боюнча мына үчүнчү жыл иштеп атабыз. Былтыр 17-июнда биринчи учакты ушерден учурганбыз. Ошондон бери бизде нормативдүү-техникалык негиз деп коёт. Советтер Союзунун убагында андай документтер болгон эмес экен. Азыр Аба кызматы департаменти, өкмөт менен биргелешип ошол нормативдүү-техникалык документти жасап жатышат. Ошондон убакыт созулуп баратат. Биз күтүп атабыз. Нормативдик-техникалык негиз чыкса бизге учканга, сыноо жүргүзүүгө, сатканга уруксат берилет. Ага чейин учканга, сатканга, бөлөк иштерди жасаганга акыбыз жок. Ошон үчүн башында жасаган 4 учагыбыз менен күтүп турабыз, - деп айтты Карабай Турдуматов.

Бишкек эркин экономикалык аймагында “Beta”, “Sasa”, “Sulaiman” чай фирмалары да иштейт. “Сулайман чай” фирмасынын башчысы Хамиддин маалымдашынча, бул жерде жылына 1000 тоннага жакын чай чыгарылат. Анын кыйла бөлүгү чет өлкөлөргө экспортко жөнөтүлөт:

- Биз бул жерде 1997-жылдан бери иштейбиз. Экспортту кошкондо биз жылына миң тоннага жакын чай чыгарабыз. Сырьену Индия, Шри-Ланка, Кытайдан алабыз.

Соңку кездерде Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактардын дарегине олуттуу сын айтылып келатат. Республикада 4 экономикалык эркин аймак катталган. Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Эмил Ибраимовдун айтымында, мындай мамиле көптөгөн чет элдик ишкерлерди чочулатып, республикага сырткы инвестициянын арбын келишине тоскоолдук келтирүүдө.