Кызыл Чырымдын өкүлдөрү Ооганстандын түмөлөрүн текшерүүнү уланта берет

Бул тууралуу Ооганстандагы АКШ баштаган коалициянын баш командачысы генерал Давид Барно билдирди. Генерал Иракта америкалык аскерлердин жергиликтүү түрмөлөрдөгү зөөкүрдүгү пайда кылган жаңжалдан улам билдирүү жасады. Барно ошондой эле Ооганстандын Баграм түрмөсүндө абактагылардын өлүмү жана башка зомбулуктар боюнча иликтөө жүрүп жатканын бышыктады.