13-майга аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунан алынган маалыматка караганда, 13-майда күн ачык болот. Чыгыш тараптан салкын жел жүрүп турат.
Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +8…+13 градус жылуу, күндүз +24…+29 градус ысык.
ТАЛАС аймагында түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29 градус.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН дубандарында түнкүсүн +13…+18 градус жылуу, күндүз абанын температурасы 26 градустан 31 градуска чейин ысыйт.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22 градустун айланасында жылуу болот.
НАРЫНДА түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24 градус.
БИШКЕКТЕ жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градустун айланасында.

Жаңылыктарды Айданбек Акмат уулу, Чолпон Орозобекова жана облустардагы кабарчылар топтошту.

Аба ырайы тууралуу маалыматты Алина Кангелдиева даярдады.

Редактор - Кубат Оторбаев.