Алматыда бомба жарылып, бир киши набыт болду

Бомбаны азырынча аты-жөнү тактала элек адам колсандыкта көтөрүп баратканда жарылып, андан бомба көтөргөн адам өлгөнүн Казакстандын коопсуздук кызматынын өкүлү К. Бекназаров кабарлады. Ал бомба көтөрүп бараткан адамды террорчу деп ойлобойт.