Вьетнам Орусия менен алаканы кайра түзүүнү каалайт

МОСКВА. Бүгүн Вьетнамдын президенти Чан Дык Лыонгдун 3 күндүк визит менен Орусияга келет. Вьетнамдын президентин өлкөнүн премьер-министри Ву Хуан, тышкы иштер министри Нгуен Зи Ниен жана 70 ишкер коштоп келишет.

1991-жылы Советтер биримдиги урагандан кийин эки өлкөнүн мамилеси сууп кетип, кийин кайра жандана баштады.

Вьетнам президентинин Орусиядагы иш сапары аяктагандан кийин, ал шаршемби күнү Венгрияга, андан кийин Улуу Британияга барат.