Испания өз аскерин Ирактан алып кетти

МАДРИД. Бүгүн Испаниянын Ирактагы куралдуу күчтөрүнүн калган бөлүктөрү - 1400 жакын аскер Ирактын түштүгүндөгү эд-Дивания базасынан чыгып кетишти. Коалициялык күчтөрдүн курамына кирген Испан аскерлери өлкөнүн премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеронун чечимине ылайык чыгарылып жатат.

Апрель айында Испан армиясынын негизги бөлүгү Ирактан кеткен болчу.